Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 3-июну № 4625-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12 депутатынан түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Ө.М.Бакиров
С.К.Ибраев
А.Э.Самигуллина
Е.Г.Строкова - "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан;
А.К.Бешимбаева
С.Ж.Исманов
М.А.Маматалиев - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
С.С.Анарбаев
Б.Б.Кенжебаев - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Н.И.Арзыбаев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Н.М.Мурашев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Б.К.Аманова - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
Төрага | Т.Т. Мамытов |