Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-сентябры № 4842-VI
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 22-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн кодекстин текстин Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |