Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-сентябры № 4863-VI
Боконтаев Кубанычбек Кенешовичти Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Боконтаев Кубанычбек Кенешович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |