Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
(2021-жылдын 2 декабрындагы № 2013-VI, 2022-жылдын 10 февралындагы № 45-VII, Жогорку Кеңештин токтомдорунун редакцияларына ылайык, 2022-жылдын 30-марты № 155-VII редакцияларына ылайык)
2021-жылдын 30-сентябры № 4892-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Азизбек Атакозуевич Турсунбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы;
2) Марлен Абдырахманович Маматалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3) Алишер Абибиллаевич Козуев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4) Кабиров Рахатбек Усенжанович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентти жана Министрлер Кабинетин укуктук камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
( 2022-жылдын 30-марты № 155-VII Жогорку Кеңештин токтомунун редакцияларына ылайык )
5) Канатбек Рахманбердиевич Садыков - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.".
(2021-жылдын 2 декабрындагы № 2013-VI, 2022-жылдын 10 февралындагы № 45-VII, Жогорку Кеңештин токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |