Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-сентябры № 4684-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4682-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4682-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кенжематов Бектурсун Кенжематович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;".
Төрагасынын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |