Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-октябры № 4934-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 347-VII токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1. В.К.Раимбачаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, төрага;
2. Ч.А.Султанбекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, тең төрага;
3. А.Исатбек кызы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4. А.А.Айдарова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5. Б.З.Түлөбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
6. А.А.Жоробеков - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
7. Ж.К.Дуйшеева - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
8. З.А.Аскарова - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;
9. Ж.И.Алыбаева - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
10. Г.С.Шейшекеева - "Укук борбору" коомдук фондунун директору;
11. Е.С.Заиченко - БУУнун (ЮНИСЕФ) балдар фондунун балдардын укуктарын коргоо боюнча программасынын координатору.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 347-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 347-VII токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |