Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 375-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-октябры № 4933-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1) А.Э.Самигуллина - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү;
2) А.С.Кодуранова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;
3) Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;
4) Б.К.Кенжематов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
5) А.К.Бакетаев - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
6) А.Б.Баетов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
7) К.Б.Базарбаев - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
8) Б.Д.Купешев - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
9) Г.С.Шейшекеева - "Центр права" коомдук фондунун директору.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.К.Касымалиева |