Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-октябры № 4956-VI
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин l-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин l-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 482 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Догоев Дастан Давлетовичти Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.К.Касымалиева |