Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-октябры № 4931-VI
"2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө ("Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 22-сентябрындагы чыг. № 25-14573) "2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө ("Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |