Редакцияот 27.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 27-октябры № 4950-VI

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 21-октябрындагы чыг. № 24-16201) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долборун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева