Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-июну № 4615-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Асылбаева Гюльшат Кадыровна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечиси;
- Строкова Евгения Григорьевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү;
- Садыков Канатбек Рахманбердиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
- Гайыпов Асан Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
- Шаршеев Айдин Омуралиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
- Аскарова Зарема Аликовна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Балташев Илязбек Алтынбекович - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
- Ибраев Эдил Нурович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин юристи;
- Алаев Нурлан Жамангулович - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |