Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 3-июну № 4629-VI
"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 4655-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын 2021-жылдын 28-майындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени ар тараптуу иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
С.К.Ибраев,
М.Б.Эгембердиев - "Кыргызстан социал демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан;
М.А.Маматалиев,
А.К.Кемелов - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
С.С.Анарбаев,
У.Ч.Садиков - "Кыргыстан" парламенттик фракциясынан;
У.Ч.Исмаилов,
М.А.Абдалиев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
А.Ж.Токтомамбетов,
Н.М.Мурашев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Ш.К.Атазов,
Ш.И.Абдылдаев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өз ишинин натыйжалары жөнүндө маалымдасын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |