Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-июлу № 4761-VI
"Баткен областынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 3-майындагы № 178 токтому) "Баткен областынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |