Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-октябры № 4979-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары төмөнкү комитеттердин курамдарына киргизилсин:
1) "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан Алымбаев Алайбек Анаркулович Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына;
2) "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан Ражапбаев Арсланбек Шукуруллаевич Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пунктта:
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Ражапбаев Арсланбек Шукуруллаевич - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
2) 7-пунктта:
он үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Алымбаев Алайбек Анаркулович - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 5-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |