КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 03-ноябры № 4995-VI
"2021-жылдын 25-февралында Москва шаарында кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 11-октябрындагы чыг. № 14-13417) "2021-жылдын 25-февралында Москва шаарында кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |