Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-декабры № 5017-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары төмөнкү комитеттердин курамдарына киргизилсин:
Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына;
Исмаилов Нурбек Сапарбекович - Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамына.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 7-пунктта:
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;";
- он бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Исмаилов Нурбек Сапарбекович - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |