Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 8-декабры № 5019-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек Шарипович Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасын, атайын депутаттык комиссиянын маалымдамасын (тиркелет) карап жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек Шарипович Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.
3. Комиссиянын маалымдамасы жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |