Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 5032-VI
2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө
“2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” 2012-жылдын 29-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 2253-токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгы 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүп берүүнү жана КМШ катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын 2022-жылдагы лауреатына аларды которуп берүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |