Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 5049-VI
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 24-майындагы № 267-III токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын консультанттары, жардамчылары жана референттери жөнүндө жобого толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 25-июнундагы № 1935-III токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 24-майындагы № 267-III токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын консультанттары, жардамчылары жана референттери жөнүндө жобого толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 25-июнундагы № 1935-III токтомун күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |