Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-январы № 16-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 13 депутатынан эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
У.Д.Бакасов,
Г.О.Култаева,
Ф.Д.Исмаилов,
Ж.Б.Абиров - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Э.Р.Джусупов,
Таалайбек кызы Ж.,
Р.Ш.Жакышов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Б.Э.Тентишев,
Э.К.Кокулов - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Н.А.Ражабалиев - "Элдик" депутаттык тобунан.
Төрага | Т.Т. Мамытов |