Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-январы № 19-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 19-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 19-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Т.О.Имановду Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
Социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа иштерине даярдануу жана коронавирустук инфекциянын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |