Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 5070-VI
Д.С.Боронбаеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Боронбаева Дильфузу Салимовнаны жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын судьялар кеңеши макулдук беришине байланыштуу ал кызмат ордунан убактылуу четтетилсин.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |