Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-декабры № 5024-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын маалымкатын (тиркелет) карап чыгып жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашованын - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.
3. Комиссиянын маалымкаты жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |