Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-январы № 12-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-беренесинин 1-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары болуп шайлансын:
Исаева Джамиля Кубанычбековна - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Примов Улан Бердибаевич - № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |