Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-февралы № 28-VII
Н.Ж. Бакированы өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктун, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Нургуль Жакыповна Бакированы өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |