Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-февралы № 34-VII
"2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 18-ноябрындагы чыг. № 27-20178) "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |