Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 29 декабры № 3-VII
Добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган туруктуу комиссия түзүлсүн.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А.Козуев,
Ж.С.Кыдыкбаев - "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.Ж.Сыдыков - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Г.А.Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
М.Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобунан.
Жыйналышка төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты | Ш. Мажитова |