Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 12-январы № 11-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 14 депутатынан эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.Алтынбеков,
Т.А.Масабиров,
А.Т.Маткеримов,
Ж.Б.Абиров - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Р.Ш.Жакышов,
М.О.Темирбаева,
Б.В.Шабазов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.Ж.Сыдыков,
Исатбек кызы А. - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Ө.М.Бакиров,
Т.И.Икрамов - "Элдик" депутаттык тобунан.
Төрага | Т.Т. Мамытов |