Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-февралы № 26-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин тамеки продукциясына акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрүнүн тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрүнүн тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайра кайтарылган "Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
Н.Ж.Бакированы өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө;
К.А.Дуйшеевди өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө;
"2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда 2022-жылдын 27-январында болуп өткөн чек ара жаңжалы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тажикстан Республикасынын Оли Маджлисинин намояндагон Маджлисине карата кайрылуусу жөнүндө;
З.К.Базарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
Э.Ж.Осконбаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө.
Төрага | Т.Т. Мамытов |