Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-февралы № 61-VII
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссияны түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасын кароо үчүн төмөнкү курамда атайын депутаттык комиссия түзүлсүн:
А.Ж.Осмонов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Б.В.Шабазов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.Ж.Сыдыков - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
А.Б.Кенжебаев - "Элдик" депутаттык тобунан.
Төрага | Т.Т. Мамытов |