Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-февралы № 67-VII
Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С. Джаныбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С. Джаныбековдун Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
-айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрү 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын өз учурунда жана ийгиликтүү өткөрүшү үчүн жетиштүү көлөмдө, күйүүчү-майлоочу материалдар, сапаттуу үрөндөр, жер-семирткичтер, өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы колдонуучу гербициддер, пестициддер жана башка химиялык каражаттар, жеңилдетилген кредиттер менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн. Бул иштерди жүргүзүүдө республиканын оор климаттык шарттардагы алыскы бийик тоолуу аймактарында жашаган айылдык товар өндүрүүчүлөргө өзгөчө көңүл бурсун;
-айылдык товар өндүрүүчүлөрдү сугат мезгилинде сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн ички ирригациялык түйүндөрдү тазалоодон өткөрүүнү, оңдоп-түзөө жумуштарын өз учурунда жүргүзсүн. Суу сактагычтарда, суу топтоочу көлмөлөрдө суу топтоо иштерине өзгөчө көңүл бурсун. Бул иштерди жүргүзүү үчүн каражаттар өз убагында жана толук өлчөмдө бөлсүн;
-республиканын калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишти күчөтсүн;
-жаӊы жерлерди өздөштүрүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
-30 миӊ гектар жерге суу чыгаруу, ошондой эле Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан Жалал-Абад областынын Ноокен районунун 27 айылдык аймагын таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашырууну колдоого алсын;
-үстүбүздөгү жылдын февралынан тартып «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоору боюнча кредиттик портфелдин көлөмүн көбөйтүү жана кредиттер менен каржылоо боюнча маселени карасын; кредиттерди берүү жана кайра кайтаруу механизмдерин жөнөкөйлөтсүн;
-органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө көңүл бурсун;
-түшүмдүүлүгү жогору айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыз кылууга, өсүмдүк майын алуучу техникалык өсүмдүктөрдүн, кант кызылчасынын, төө буурчактын аянттарын көбөйтүүгө көңүл бурсун;
-айыл чарба жерлерин инвентаризациялоонун жыйынтыктарын чыгарсын;
-айыл чарба жерлеринин кыртышынын күрдүүлүгүн, жердин азыктуулугун жана айыл чарба азыктарында ГМО (генетикалык модификацияланган организмдердин) болушун аныктоо үчүн областтарда агрохимиялык, биотехнологиялык лабораторияларды уюштурсун;
-бош жаткан жерлерде көп жылдык мөмө-жемиш бак-дарактардын көчөттөрүн олтургузуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн. Бул иштерди жүргүзүү үчүн аймактарда ишембиликтерди уюштурсун;
-жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктардын жүрүшүн көзөмөлдөө максатында тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, областтардын жетекчилеринин катышуусу менен селектордук кеңешмелерди үзгүлтүксүз өткөрсүн;
-айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2022-жылдын 1-июнуна чейин маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т. Мамытов |