Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-февралы № 30-VII
З.К.Базарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Замирбек Курамаевич Базарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |