Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-февралы № 50-VII
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, ЕККУ алкагында парламенттер аралык байланыштарды жигердентүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
Айгүл Абдисаламовна Айдарова;
Замирбек Дуйшалыевич Мамасадыков;
Марлен Абдырахманович Маматалиев;
Самыйкожо Мирлан;
Алтынбек Турдубаевич Сулайманов;
Миргул Омурзаковна Темирбаева;
Бакыт Эргешевич Торобаев.
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Төраганын орун басары | У.Б. Примов |