Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-февралы № 62-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 16-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 16-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
«2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрүнүн тобокелдиктерин башкаруу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрүнүн тобокелдиктерин башкаруу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2021-жылдын 17-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандашуунун бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуялуу маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу;
А.Б. Бейшеналиевди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 43-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага | Т.Т. Мамытов |