Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-марты № 96-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7 депутатынан түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Э.Н.Сулайманов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Исатбек кызы А. - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Н.А.Азыгалиев - "Элдик" депутаттык тобунан.
Төрага | Т.Т. Мамытов |