Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-марты № 98-VII
А.Б.Абдрахматованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Атыр Болотбековна Абдрахматова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |