Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-марты № 79-VII
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 10-ноябрындагы чыг. № 30-18563) "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 2,8 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 20255 518,5 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 2,8 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 20255518,5 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- калктын социалдык жактан аялуу категориялары үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдүн өлчөмүн этап-этабы менен көбөйтүүнүн таасирдүү камсыздандыруу элементтерин жана механизмдерин киргизүү менен милдеттүү медициналык камсыздандырууну андан ары өнүктүрүү концепциясын иштеп чыксын;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган чыгымдарды толук жана өз учурунда каржылоону камсыз кылуучу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеп жаткан саламаттык сактоо уюмдарынын 2022-жылдын башталышына карата түзүлгөн кредиттик карыздарын тындыруу жөнүндө маселени чечсин;
- мамлекеттик жана жеке медициналык уюмдар үчүн Бирдиктүү төлөөчү тутумунда медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү катары катышуунун бирдей шарттарын камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети аркылуу медициналык операцияларды жүргүзүүгө социалдык медициналык кредиттөөнү киргизсин;
- бөйрөк трансплантациясынын мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана бекитсин жана бөйрөктү трансплантациялоону жүргүзүү үчүн социалдык медициналык кредиттөөгө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жыл сайын республикалык бюджеттен кеминде 510,0 миллион сом бөлүп турсун;
- гемодиализ процедурасын каржылоо боюнча чыгымдарды бир процедура үчүн бир адамга 6800 сомго чейин көбөйтсүн;
- керектөө товарларына баалардын өсүшүнүн расмий индексине ылайык медициналык тез (шашылыш) жардам кызматы үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды, тамак-аш азыктарын, дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу менен байланышкан саламаттык сактоого чыгымдарды индексациялоо маселесин карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | T.Т. Мамытов |