Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-марты № 115-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 102 токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн анты;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу.
Төрага | Т.Т. Мамытов |