Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-марты № 111-VII
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириккен долбоорун четке кагуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев,М.И.Бакиров,Т.З.Зулпукаров,А.Т.Мамашова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 25-ноябрындагы № 636 токтому) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириккен долбоорун четке кагылсын.
Төрага: | Т.Т.Мамытов |