Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-мартындагы № 93-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана "Коопсуз шаар" долбоорун толук көлөмдө ишке ашыруу максатында коомдук жерлерде видеобайкоо камераларын орнотсун;
- көчмө аппараттык-программалык комплекстердин алдында эскертүүчү жол белгилерин орнотууну камсыз кылсын;
- жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айып пулдардын өлчөмдөрүн жол кыймылынын катышуучуларынын ден соолугуна зыян келтирбеген болор-болбос бузуулардын түрлөрү боюнча - азайтуу жагына жана мас абалда айдаганы жана "Жөө адам өткөөлү", "Балдар" деген эскертүүчү белгилер колдонулган радиуста коркунучтуу участоктордон өтүүнүн талаптарын бузганы үчүн көбөйтүү жагына кайра карасын;
- жол транспорт кырсыктарынын санын кыскартуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтесин жана киргизсин;
- келечекте ушундай долбоорлорду ата мекендик адистерди тартуу менен жана өздүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынан Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому менен макулдашуунун шарттары сакталышын көзөмөлгө алууну камсыз кылсын;
- макулдашууда көрсөтүлгөн пункттардын аткарылышын камсыз кылсын;
- телефондор үчүн юридикалык жоопкерчилиги жок автомобиль ээлерине жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө кабарлаган мобилдик тиркемени иштеп чыксын;
- "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- оперативдүү жашыруучу автомобиль номерлерин колдонууга катуу контролду камсыз кылсын;
- мамлекеттин биринчи адамдарын (Кыргыз Республикасынын Президентин, Министрлер Кабинетинин Төрагасын жана Жогорку Кеңешинин Төрагасын) кошпогондо, оперативдүү жашыруучу автомобиль номерлерин ички иштер министринин буйругунун негизинде берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2020-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине санариптештирүүгө бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна аудит жүргүзсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т. Мамытов |