Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 3-марты № 99-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"2022-жылдын январь-июнь айларына VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнама жөнүндө", "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодекске, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, Жер кодексине, Токой кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Кластерлер жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамга, Жазык кодексине)" Мыйзамдын бириктирилген долбоору;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору;
"Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамдын долбоору;
Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы;
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын долбоору;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу.
Төрага | Т.Т. Мамытов |