Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-марты № 95-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айдарова Айгүл Абдисаламовна Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акаев Жанарбек Кубанычович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.
3. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акаев Жанарбек Кубанычович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиев Эмил Эрикович Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
5. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Акаев Жанарбек Кубанычович - "Альянс" парламенттик фракциясынан;";
- 2-пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктчада:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Айдарова Айгүл Абдисаламовна - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;";
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Жамгырчиев Эмил Эрикович - "Альянс" парламенттик фракциясынан;".
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |