Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-марты № 138-VII
“Чет өлкөлүк валюталардын курсу жогорулашынын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалына таасири жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Чет өлкөлүк валюталардын курсу жогорулашынын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалына таасири жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр тапшырылсын:
1) өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөр жүргүзүлө турган, ошондой эле бажылык же башка адамдар алына турган шарттуу валютаны аныктоону; улуттук экономиканы коргоо максатында валюталык форс-
мажор келип чыккан учурда башка чараларды да өз алдынча көрүүнү ЕАЭБке кирген өлкөлөргө сунуштоо;
2) импортту алмаштыруу, жергиликтүү өндөүштү жана товарлардын экспортун арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кризиске каршы натыйжалуу программаны иштеп чыгуу;
3) АКШ доллардын алмаштыруу курсу кескин өзгөрүшүн жеңилдетүү боюнча биринчи кезектеги чаралардын планына ылайык Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун камсыз кылуу, валюта рыногунда
кызыл кулактык операцияларды четтетүү, товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана ККМга баалардын кескин жогорулашына жол бербөө боюнча ишти улантуу;
4) алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жеңилдетүү үчүн чет өлкөлүк волютаны сатуу жана сатып алуу боюнча валюталык интервенцияны улантуу;
5) кызыл кулактык иш-аракеттерди жана баш-аламан суроо-талапты өз учурунда четтетүү максатында текшерүүлөрдү мыйзамдардын ченемдерине ылайык келтирүү жана финансылык рыноктун Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган бардык объекттердин, анын ичинде коммерциялык банктардын жана алмаштыруу бюролорунун ишинин туруктуу мониторингин жүргүзүү;
6) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынан жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелеринен АКШ доллары менен кредит алган жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын
волатилдүүлүгүнө байланыштуу татаал кырдаалга дуушар болгон жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү кароо, кредиттерди Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына конвертациялоо тартибин жана шарттарын аныктоо;
7) Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына АКШ доллары менен берилген кредиттердин негизги суммасы боюнча карызды 2022-жылдын 24-февралына карата абал боюнча Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу (1 АКШ доллары үчүн 84,8 сом) боюнча улуттук волютага конвертациалоону жүргүзүү учурунда түзүлгөн жана үстүбүздөгү жылдын 16-мартына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсунун курстук айырмасын коммерциялык банктарга ордун толтурууга акча каражаттарын табуу;
8) төмөнкүлөрдү аныктай турган “Валюталык инфляциянын жана валюталык форс-мажордун учурунда бааларды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү:
- анын натыйжасында белгилүү бир мөөнөт өткөндөн кийин улуттук валюта чет өлкөлүк валютага карата 20 жана андан ашык пайызга баасы түшкөн курстук айырманын өзгөрүшүн;
- эгерде сом 20%га жана 6 айга баасы түшсө, эгерде сомдун баасы 30%га түшсө, валюталык кредиттер боюнча пайыздарды эсептөөнү жана валюталык депозиттер боюнча пайыздарды эсептөөнү 3 айга
токтотуп турууну;
- чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерди улуттук валютага конвертациялоону;
9) чет өлкөлүк валютада болгон милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөтү өтүшүнө байланыштуу терс кредиттик таржымалды түзүүгө мораторий киргизүү;
10) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн, өзгөчө транспорт каражатын, каттоо/кайра каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, айдоочунун күбөлүгүнүн бланктарына акы төлөөнүн наркын белгиленген улуттук
валютада, башкача айтканда курстук айырмага байлабастан белгилөө;
11) чет өлкөлүк валютадагы ижари милдеттенмелерин 2022-жылдын 24-февралындагы абал боюнча доллардын белгиленген курсу боюнча улуттук валютага которууну жүзөгө ашыруу;
12) 2022-жылдын 24-февралындагы абал боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө баанын өсүшүн токтотууну жүзөгө ашыруу;
13) ишкерлердин банкроттук жол-жоболоруна мораторий киргизүү;
14) кызыл кулактык иш-аракеттерди болтурбоо үчүн валюталарды лицензиясыз алмаштыруу боюнча операцияларды жүзөгө ашыргандыгы үчүн административдик чараларды колдонуу;
15) экономиканын доллардык деңгээлин төмөндөтүү үчүн акчаны сактоонун альтернативдүү булактарын киргизүү;
16) алмаштыруу операцияларынын рыногунда кызыл кулактык менен кыянаттык кылууга жол бербөө максатында улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жалпыга
маалымдоо каражаттары аркылуу өз учурунда маалымдоо;
17) социалдык маанилүү товарларга бааларды убактылуу жөнгө салууну киргизүү жөнүндө маселени кароо;
18) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына акредиттер боюнча айып санкцияларын эсептөөнү убактылуу токтотуу жана кредиттерди чет өлкөлүк валютадан улуттук валютага конвертациялоо
учурунда ставканы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде аныктоону сунуштоо;
19) Ковертацияланууга тийиш болгон кредиттер боюнча, белгиленген жөнөкөй тарифтер боюнча күрөө жөнүндө келишимдерди каттоону ыкчам жүзөгө ашырууда коммерциялык банктарга көмөк көрсөтүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты ай сайын берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Дж. К. Исаева |