Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-марты № 137-VII
“Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө
2018-2040-жылдары өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, экологиялык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүүнүн деңгээлин жогорулатуу, жаратылышты коргоо жана көрктөндүрүү процессине жарандарды
Тартуу, ошондой эле өлкөнүн шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарында жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Республиканын өздөштүрүлбөгөн аймактарын, шаарларын, ошондой эле калктуу конуштарынын аймактарын жашылдандыруу боюнча “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясы жыл сайын 1-февралдан тартып 30-апрелге чейин өткөрүлүп турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- бир жумалык мөөнөттө уюштуруу штабын түзсүн, ошондой эле өздөштүрүлбөгөн аймактарды, шаарларды, калктуу конуштарды жана аларга жакын аймактарды көрктөндүрүү боюнча массалык жашылдандыруу иштерин жүргүзүү менен жыл сайын 1 млн. даанадан аз эмес сандагы көчөттөрдү отургузуу боюнча чараларды ишке ашыруу каралган “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
- отургузулган бактардын жана жашыл көчөттөрдүн саны жана аларды талаптагыдай карап-күтүү боюнча индикаторлорду жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин (акимдер, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары) ишин баалоонун критерийлерине киргизсин;
- көчөттөрдү сугат системалары менен камсыз кылсын жана тамчылатып сугарууну колдонууну кеңейтсин;
- отургузулган көчөттөрдү жана бактарды кайтарууга жана коргоого мониторинг жүргүзүүнү жана контролду жүзөгө ашырсын;
- өлкөнү зарыл сандагы сорттуу көчөттөр жана башка өсүмдүктөр менен өз алдынча толук камсыз кылуу үчүн ар бир областын аймагында мөмөлүү жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн питомниктеринин ишин уюштурсун;
- ар бир айылдык аймактын аймагында эс алуучу сейил бак зоналарын уюштурсун;
- импорттолуучу көчөттөрдү, мөмөлүү жана декоративдүү өсүмдүктөрдү салыктардан жана башка төлөмдөрдөн бошотуу жөнүндө маселени карасын;
- жарандарды, мекемелерди, уюмдарды, ишканаларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аймактарды көрктөндүрүүгө жигердүү катышууга тартуу үчүн “Эң жашыл шаар”, “Эң жашыл айыл”, “Эң жашыл мекеме-ишкана” наамына конкурстарды өткөрсүн;
- “Бир жарандан бир көчөт” урааны астында ыктыярдуу башталыштарда жарандарды жыл сайын бирден кем эмес көчөт отургузууга тартсын;
- токой ресурстарын, анын ичинде коруктан тышкары зоналарды өрттөн жана өзүм билемдик менен кыйуудан сактоо, ошондой эле токой чарбасына зыян келтирүүчү башка аракеттерден коргоо боюнча чараларды күчөтсүн;
- гранттардын жана донордук жардамдын эсебинен бюджеттен тышкары каражаттарды топтоо үчүн атайын эсепти ачуу жөнүндө маселени карасын;
- ушул токтомду ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары жөнүндө маселени чечсин;
- жасалган иштин натыйжалары жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 3 кварталдан кечиктирбестен маалымдасын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын Эне-Сай жана Дордой турак-жай конуштарынын ортосундагы аянты 17 га жер участогун мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде, ошондой эле донорлордун эсебинен сейил бак зонасына айландыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети өлөнүн аймагында жашыл бактардын аянтын көбөйтүү боюнча иштерди илимий коштоону жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине марттын акыркы ишембисин “Көчөт отургузуунун улуттук күнү” деп жарыялоо сунушталсын.
6. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана чарба жүргүзүү субъектерге массалык жашылдандыруу боюнча иш-чараларга жигердүү катышып жаткан волонтерлорду, демөөрчүлөрдү жана башка демилгелүү жарандарды кубаттоо сунушталсын.
7. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына ар жылдагы “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясынын алкагында жүргүзүлүүчү иш-чаралардын жүрүшүн кеңири чагылдыруу сунушталсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
9. Марттын үчүнчү ишембисин “Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү” деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2020-жылдын 16-январындагы №3490-Viтоктому күчүн жоготту деп таанынлсын.
10. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Дж. К. Исаева |