Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-марты №123-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Чингиз Азаматович Айдарбеков социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
2. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жанарбек Кубанычович Акаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарынан чыгарылсын;
2) Эмил Эрикович Жамгырчиев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарына киргизилсин.
3. «Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 50-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Алтынбек Турдубаевич Сулайманов Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
2) Жанарбек Кубанычович Акаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
4. «Европа Бирлиги-Кыргызстан» Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин; төмөнкүдөй мазмундагы 1.1-пункт менен толукталсын:
«Лейла Хиянов Лурова Комитеттин тең төрагасы болуп шайлансын.».
Төрага | Т.Т. Мамытов |