Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-февралы № 72-VII
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 1-октябрындагы чыг. № 30-14574) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 9,6 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 68511052,4 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 9,4 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 67265332,9 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин профицитинин өлчөмү 1245719,5 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин орто жана узак мөөнөттүү келечекте турукташтыруу;
- жарандарды пенсия менен камсыз кылууну жакшыртуу;
- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонд боюнча саясатты өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык тутумун реформалоого багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатынын маселелерин чечүү боюнча ведомстволор аралык топтун ишинин натыйжаларын берүүнү тездетүү;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өнбөгөн калдыкты кыскартуу;
- аскер кызматчыларына теңештирилген адамдардын кирешелерине киреше салыгы жана социалдык чегерүүлөр боюнча жеңилдиктерди жана бошотууларды жокко чыгаруу.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Т.Т. Мамытов |