Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-марты № 124-VII
Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдын укуктары жана эркиндиктери жөнгө салынган. Атап айтканда, 23-беренеде адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык экени белгиленген. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгону таанылган. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К. Мадумаров демилгелеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-январындагы № 10-VII протоколдук тапшырмасы менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке, ошондой эле Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетке. «Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө» маселени кароо тапшырылган.
Бул маселе Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2022-жылдын 14-февралындагы жыйналышында каралды, анда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасьшын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасьшын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы угулду, чечим кабыл алынды, ошондой эле тиешелүү тапшырмалар берилди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы 2022-жылдын 14-февралында мамлекеттик органдардын, көрүнүктүү саясий ишмерлердин, коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн
катышуусу менен «Кыргыз Республикасында адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы: Кыргыз Республикасында сөз эркиндигин укуктук жөнгө салуунун жана коргоонун маселелери» темасына тегерек стол өткөрдү; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасыньш Конституциялык сотунун төрагасынын маалыматы угулду.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү, ошондой эле маселенин коомдук маанилүүлүгүн жана бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын көп сандаган кайрылууларын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета:
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун комплекстүү камсыз кылуу жана ага карата коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу маселесинде мамлекеттик жана башкаруу органдарынын ишин координациялоону күчөтсүн, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган таасирдүү чараларды көрсүн;
- адам укуктарын сактоону эске алуу менен маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;
- маалыматтык санариптик кызматтардын, коомдук, эл аралык жана башка уюмдардын катышуусу менен маалыматка жетүүдө, аны алууда жана таратууда адамдын коопсуздугу менен укуктарынын ортосундагы балансты түзүүгө мүмкүндүк бере турган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен жасалуучу укук бузуулардын алдын алуу жана аларды четтетүү системасын, ошондой эле алдңнкы технологияларды колдонуунун негизинде маалыматтык коопсуздукту коргоо жана камсыз кылуу методдорун өркүндөтүү боюнча таасирдүү чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууда укук коргоо органдарынын кызматкерлери видео жана аудио жазууларды, оперативдүү тартууларды мыйзамсыз таркатышынын фактысы боюнча кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын;
- мыйзамсыз атайын тергөө аракеттеринин, куугунтуктоонун, тыңшоонун жана жарандардын, көз карандысыз журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын, саясатчылардын, ошондой эле
жарандык активисттердин жеке турмушуна кийлигишүүнүн бардык фактылары боюнча кызмат адамдарын тергөөгө жана жоопкерчиликке тартууга көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Констатуциясына жана «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык күчөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине; төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына контролду күчөтүү;
- бул маселе боюнча талдоону жүргүзүү жана адамдын укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун көйгөйлүү маселелери боюнча үстүбүздөгү жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине атайын баяндама берүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык саясат боюнча комитетке, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетке жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Т.Мамытов |