Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-апрель №177-VII
2021-жылда Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык 2021-жылда Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2021-жылда Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин отчету бекитилсин жана канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу жана жоюу боюнча, анын ичинде прокуратура органдарынын ичиндеги коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти активдештирсин;
2) жашы жете электердин, аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана улгайган адамдардын укуктарынын бузулушун четтетүү жана калыбына келтирүү боюнча ишти улантсын;
3) айыптар жана мүлктү конфискациялоо түрүндөгү кылмыш-жаза иштери боюнча жазаларды аткаруу бөлүгүндө соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча толук чараларды көрсүн;
4) кылмыш-жаза иштеринин иликтенишине көзөмөлдү күчөтсүн жана жаңы жагдайлардын келип чыгышын минималдаштыруу максатында дыкат, объективдүү жана толук көлөмдө иликтенген кылмыш-жаза иштерин гана сотко өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен биргеликте укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзсүн, кылмыш-жаза жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдар жаатындагы кодекстерди өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
6) социалдык объектилерди, анын ичинде мектепке чейинки мекемелерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын текшерүү жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча ишти улантсын;
7) кызмат адамдарынын иш-аракетине тиешелүү баа берүү менен кылмыш-жаза иштерин мыйзамсыз козгоо, жарандарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу жана мыйзамсыз камакка алуу фактылары боюнча иликтөө жана талдоо жүргүзсүн;
8) коррупциялык кылмыштар боюнча кылмыш-жаза иштерин иликтөөчү тергөөчүлөрдү адистештирүүнү камсыз кылсын;
9) Жогорку сот жана укук коргоо органдары менен өз ара иштешүүдө отчеттуулукту түзүүнү минималдаштыруу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча маалыматтарды кайталоо фактыларын болтурбоо жөнүндө маселелерди карап чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 1-январына чейин маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т. Мамытов |