Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 13-апрели № 186-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атазов Шайлообек Карыбекович киргизилсин.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«Атазов Шайлообек Карыбекович № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча;»;
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |