Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-апрели № 214-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI жана VII чакырылыштарынын депутаттары Г.К.Асылбаева, Т.И.Икрамов, А.Т.Алтыбаева, Б.С.Турусбеков, Э.Т.Токтошев, С.К.Нышанов, М.А.Абдалиев, Г.С.Молдобекова, У.Ч.Исмаилов, А.Алтынбеков, Ж.К.Турускулов, Э.Дж.Байбакпаев, А.Т.Бердиев, Э.С.Тагаев, У.Ч.Садиков, Б.К.Райымкулов, Ш.И.Абдылдаев, А.Ж.Осмонов, Б.Нурдинов, К.Ш.Баймуратов, К.Дж.Рыспаев, А.Ш.Осмонова, Ө.М.Бакиров, Ч.Ч.Урумкалиева, Н.О.Сыдыгалиев, П.Р.Тулендыбаев, Ш.Мажитова, М.А.Маматалиев, М.Ж.Сыдыков, Б.З.Түлөбаев, Л.Х.Лурова, Исатбек кызы А., У.З.Ормонов, Д.А.Ашимова, А.Т.Сулайманов, Н.Т.Шакиев, К.К.Сулайманов, А.А.Исираилов, Коргонбай уулу Ж., Ж.Б.Абиров, К.Л.Ханджеза, Ы.Ы.Атажанов, Н.А.Ражабалиев, Ф.Д.Исмаилов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | У.Б. Примов |